Самат Матцаковдун иши боюнча шаардык сотто отурум 30-январда улантылат
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 28-январда, Бишкек шаардык соту камактагы адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасы боюнча адвокаттардын арызын карады. Кийинки сот отуруму 30-январда улантыла турган болду.
Отурумда адвокаттар эки судьяга жана прокурорго ишенбестик көрсөтүштү. Судьялар бул өтүнүчтү канаттандырган жок.
21-январда бир катар адвокаттар камактагы адвокат Самат Матцаковдун эки айдан бери тергөө иштери жүрбөй, өтүнүчтөр четке кагылып жатканын маалымат жыйынында айтып, президентке, УКМК төрагасына, башкы прокурорго кайрылуу жолдошту.
Алар Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекеновдун ыйгарым укуктары аяктаганына карабай чечим чыгарганына даттанышты.
“2019-жылы 30-декабрда президенттин жарлыгы менен беш жылга дайындалган тергөө судьясы Туратбек Бекеновдун ыйгарым укуктары 2024-жылдын 29-декабрында токтотулган. Мындан улам анын 30-декабрда Матцаковду камакта калтырган чечими мыйзамсыз. Адвокат Матцаков учурда камакта мыйзамсыз отурат деп эсептейбиз” деди адвокат Акынбек Ногоев.
Биринчи май райондук соту адвокат Самат Матцаковдун бөгөт чарасын карап, анын камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 2-февралына чейин узартуу чечимин кабыл алды. Мындай чечим 30-декабрга караган түнү аталган соттун судьясы Туратбек Бекенов тарабынан чыгарылды.
29-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Самат Матцаковдун үйүн тинтүүгө алышып, өзүн кармап кетишкен.
Күч органдары адвокатты кармап бара жатканда ал журналисттерге учкай комментарий берип, кармалганын өзүнүн адвокаттык ишине байланыштырарын айткан. Ошондой эле УКМКнын тергөөчүсү ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштуу дисктерди жана диктофонду алганын билдирген.
Матцаков абактагы ишкер Имамидин Ташовдун жактоочусу болуп жаткан. Ал жапырт кармалган 11 журналисттин бири Актилек Капаровдун, ошондой эле акын Аскат Жетигендин да жактоочусу болгон.
Буга чейин Кыргызстандын бир катар көз карандысыз адвокаттары адвокат Самат Матцаковдун кармалышы боюнча билдирүү жасашты.
Сүрөт: Сотто Самат Матцаков. 17-декабрь 2024. «ПолитКлиника»/Нурсулуу Нурдинова




