Салык кызматынын экс-башчысы Абдуваповдун жана анын орун басары Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү узартылды
- 2 года мурун
Салык кызматынын мурдагы башчысы Алтынбек Абдуваповдун жана анын мурдагы орун басары Исламбек Кыдыргычовдун камактагы мөөнөтү 20-мартка чейин узартылды.
Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.
2024-жылы 6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирүү таратып, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычовдун кармалганын тастыктады. Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси менен орун басары УКМК тарабынан суракка алынып, андан кийин камалганын жазып чыгышкан.
УКМК маалыматында тергөө иштеринин натыйжасында аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылган.
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдувапов Алтынбек кызмат ордунан тергөө мезгилинде убактылуу четтетилди. Ошондой эле анын орун басары Исламбек Кыдыргычов да убактылуу бошотулду.
Сүрөттө: Салык кызматынын экс-төрагасы Абдувапов жана анын орун басары Кыдыргычов. Интернет булактарынан




