Салык кызматынын жетекчисинин орун басары кармалганы айтылууда

  • 2 месяца мурун

Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалганы айтылууда. Бул тууралуу Kaktus.media күч түзүмдөрүнө шилетеме берип, жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, Кыдыргычев 5-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери тарабынан кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

«Ошондой эле учурда салык кызматынын жетекчисинин дагы бир орун басары Бекболот Алиев сурак берип жатканы белгилүү болду»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 3-декабрда Бишкекте салык кызматкерлеринин жапырт кармалып жатканы маалымдалган. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Альфа” атайын отрядынын жоокерлери менен борбор шаардын төрт районунун салык кызматынын башкармалыгында тинтүү иштерин жүргүзүп, Салык кызматынын кызматкерлерин суракка алып кетип жатышканы айтылган.

Ал эми социалдык тармактардагы маалыматтарда, Ленин районунан 15 салык кызматкерин суракка алып кетишкени маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты