Салык кызматынын жетекчиси кармалганы айтылууда
- 2 месяца мурун
Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов кармалаганын Kaktus.media күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине шилтеме берип, жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, 6-декабрда Алтынбек Абдуваповду Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМКга) суракка чакырышкан.
«Сурактан кийин өлкөнүн башкы салык кызматкери кармалып, УКМКнын №1 тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген»,- деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, Kaktus.media кечээ, 5-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орун басары Исламбек Кыдыргычев кармалганын жазган эле.
Атайын орган бул тууралуу расмий маалымат бере элек.
Эске салсак, 3-декабрда Бишкекте салык кызматкерлеринин жапырт кармалып жатканы маалымдалган. Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) “Альфа” атайын отрядынын жоокерлери менен борбор шаардын төрт районунун салык кызматынын башкармалыгында тинтүү иштерин жүргүзүп, Салык кызматынын кызматкерлерин суракка алып кетип жатышканы айтылган.
Ал эми социалдык тармактардагы маалыматтарда, Ленин районунан 15 салык кызматкерин суракка алып кетишкени маалымдалган.