Салык кызматынын тергөө абагындагы төрагасы Абдувапов жана орун басары Кыдыргычов кызматтан убактылуу четтетилди
- 2 месяца мурун
Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Абдувапов Алтынбек кызмат ордунан тергөө мезгилинде убактылуу четтетилди. Ошондой эле анын орун басары Исламбек Кыдыргычов да убактылуу бошотулду.
Ал эми Биринчи май району боюнча мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысы Кыдыров Кыдыкбекке мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
Ошондой эле Кыдыргычов Исламбек финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары кызматынан тергөө амалдарын жүргүзүү мөөнөтүнө убактылуу бошотулду.
Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирүү таратып, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычевдин кармалганын тастыктады. Маалыматта тергөө иштеринин натыйжасында аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылат.
Сүрөттө: Алтынбек Абдувапов жана Исламбек Кыдыргычов