УКМК Салык кызматынын жетекчиси менен орун басарынын кармалганын тастыктады

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 6-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирүү таратып, Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси Алтынбек Абдувапов менен орун басары Исламбек Кыдыргычевдин кармалганын тастыктады.

Маалыматта тергөө иштеринин натыйжасында аталган жетекчилердин электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды пайдалануу менен байланышкан махинацияларга тиешеси бар экендиги аныкталганы айтылат.

УКМК учурда кармалгандар тергөө абагына киргизилгенин, ошондой эле аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө аларга айып тагылып, сот тарабынан баш коргоо чарасы тандаларын маалымдады.

«УКМК акциздик продукцияларды (алкоголдук жана кант камтыган продукция, тамеки буюмдарын) өндүрүү, импорттоо жана сатуу жогорку саясий жетекчилик тандап алган туура салыктык башкаруу, өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыз кылуу үчүн маанилүү фактор болуп саналаарын баса белгилейт. Бул багытта Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлеринин кесипкөйлүгү жана өз ишине ак ниет мамилеси өзгөчө мааниге ээ, ал эми алар жасаган кылмыштар бизнес өкүлдөрүнүн айрым тобуна өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качууга, өздөрүнүн реалдуу кирешелерин «көмүскөдө» калтырууга жана республиканын экономикасына орду толгус зыян келтирүүгө мүмкүндүк берет»,- деп айтылат УКМКнын маалыматында.

Ошондой эле УКМКнын айтымында, бизнестин айрым өкүлдөрү өздөрүнүн кылмыштуу максаттарына жетүү үчүн ар кандай жаңыланууларды, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын ишине активдүү киргизилип жаткан заманбап санариптик технологиялар менен берилген мүмкүнчүлүктөрдү колдонушат.

Эске салсак, буга чейин жергиликтүү ЖМКлар Мамлекеттик салык кызматынын жетекчиси менен орун басары УКМК тарабынан суракка алынып, андан кийин камалганын жазып чыгышкан.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты