Салкынай Алимбаеванын жер маселесине тиешеси жоктугу тууралуу уулу Азат Равшан билдирүү таратты  

  • 9 месяцев мурун

Салкынай Алимбаеванын уулу Азат Равшан апасынын жер маселесине тиешеси жок экени тууралуу Фейсбук баракчасында билдирүү таратты.   

«Апам Салкын Алимбаева оор операциядан кийин, кечээ СИЗОдон/ооруканадан чыгарылды. Анын ден соолугу дагы деле жакшы эмес жана андан ары операция жана дарылоону талап кылат. Апам эч себепсиз УКМКнын СИЗОсунда 2 ай жатып, ден соолугуна терс таасирин тийгизди.

Мен дагы тактап айткым келет, апам эч кимге эч кандай материалдык зыян келтирбегендиктен кун төлөгөн жок жана анын эч кандай «жерге» тиешеси жок. Апамдын камалышы атамдын Ravshan Djeyenbekov саясий позициясы жана NEXT TV телеканалынын көз карандысыз маалымат каражаты катары ишмердүүлүгүнө байланыштуу, -деди Азат Равшан.

Салкынай Алимбаева 24-сентябрга чейин үй камагына чыгарылды. Мындай өтүнүчтү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсү келтирген жана сот аны канааттандырган.

Буга чейин УКМК “тергөө иштеринде Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева, жеке бизнестин өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, анын мамлекеттик органдарда байланышы бар экендигине ишендирип, кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишти ыйгаруу үчүн 500 миң доллар алгандыгы аныкталды” деп билдирген.

Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Сот 26-майда анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган. Тергөө абагында анын саламаттыгы начарлап, ооруканада операция болгон.

Салкынай Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес экенин, күнөөсү жоктугун айтып келет.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты