Равшан Жээнбековдун жубайы Алимбаева 24-сентябрга чейин үй камагында болот

  • 9 месяцев мурун

Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 29-июлда үй камагына чыгарылды.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Салкынай Алимбаева 24-сентябрга чейин үй камагында болот.       

Мындай өтүнүчтү Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөөчүсү келтирген жана сот аны канааттандырган.

Буга чейин УКМК «тергөө иштеринде Равшан Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева, жеке бизнестин өкүлдөрүнүн ишенимине кирип, анын мамлекеттик органдарда байланышы бар экендигине ишендирип, кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча аукциондо жеңишти ыйгаруу үчүн 500 миң доллар алгандыгы аныкталды» деп билдирген.

Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Сот 26-майда анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган. Тергөө абагында анын саламаттыгы начарлап, ооруканада операция болгон.

Салкынай Алимбаева тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес экенин, күнөөсү жоктугун айтып келет.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты