УКМКнын тергөө абагында жаткан Салкынай Алимбаеванын абалы оорлоп, тез жардам чакырылган

  • 12 месяцев мурун
УКМКнын тергөө абагында жаткан Салкынай Алимбаеванын абалы оорлоп, тез жардам чакырылган

Кечээ, 2-июнда абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун жубайы, УКМКнын тергөө абагында жаткан Салкынай Алимбаеванын абалы оорлоп, тез жардам чакырылды. Бул тууралуу бир катар ЖМК Алимбаеванын жакындарына жана жактоочусуна шилтеме берип жазышты.

Адвокат Гуляна Убалиева «Азаттыкка» Салкынай Алимбаеванын өтүндө ташы бар экенин, түн ичинде оорулары приступ берип, эсин жоготконун айткан.

Салкынай Алимбаеванын өтүндө ташы бар экен, ичегисинде жабышып калган жерлери бар экен. Түндө саат төрттө ошол оорулары приступ берип, эсин жоготуптур. Бүгүн кечке кусуп жатып, акырында кан түкүрүп калыптыр. Абактагылар алгач анча көңүл бурбай жатышкан экен, канды көргөндөн кийин тез жардамды чакырышыптыр. Дарыгерлер болгону “Но-шпа” деген дары берип кетишиптир. Ал өзү тынбай капельница алып, диеталык тамак ичип турчу экен, дарыгерлерден суранса алар “мындай шартта капельница коё албайбыз” деп кетишиптир. Алар дүйшөмбү күнү дарыгерлерди тартып, толук кандуу медициналык кароо жүргүзмөк болушту. Мен кирген маалда Алимбаева абалы оордугунан тергөө бөлмөсүнөн чыга алган жок. Эки бүктөлүп келип, отура албай, жатып турду. Анткени ал кусуп, эч кандай тамак да жей албай калыптыр”, – деген адвокат.

Алимбаеванын уулу Азат Жээнбеков 24.kg басылмасына тергөө абагынын администрациясы айыпталуучуну кароо үчүн кайсы дарыгерлер тартылары дүйшөмбү күнү чечилерин айтышканын билдирген.

Салкынай Алимбаева 25-майда УКМК кызматкерлери тарабынан кармалган. Сот 26-майда анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган.

УКМК Алимбаеванын ишине байланыштуу азырынча маалымат бере элек. Анын дагы бир адвокаты Разак Ашимбаев саясатчынын аялы Бишкектеги жер тилкелеринин сатылышына байланыштуу кармалганын билдирген. Сотко кирип бара жаткан учурда Алимбаева журналисттерге учкай комментарий берип, тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес экенин, күнөөсү жоктугун айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты