Бакыт Төрөбаев кызматтан бошотулду
- 2 недели мурун
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев кызматынан бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка бүгүн, 24-февралда, президент Садыр Жапаров кол койду.
Бакыт Төрөбаевдин кызматтан алынышынын себеби айтылган жок.
Социалдык тармактарга 23-февралда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев деп айтылган адам менен дагы бир кишинин аудио сүйлөшүүсү жарыяланган. Анда ал киши Таймурас Ташиев менен ал кезде УКМКнын Жалал-Абад облустук башчысы болуп турган, учурдагы саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов экөөнө ишканасын тарттырып жибергенин айткан. Ал Таймурас Ташиев заводдун жерин гана сатып алганын, ал эми заводду бузуп кетем десе да, бербей койгонун билдирген. Таймурас Ташиев ага бир миллион доллар убада кылып, бирок бербей койгонун айткан.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас Ташиев Жалал-Абаддагы ишканаларды сатып алганын, аларга ишкана ээсинин тууганы Бакыт Төрөбаев ортомчулук кылганын айтып берген.
Бакыт Төрөбаев Таймурас Ташиевдин жообун «Азаттыкка» комментарийлеп, «аудиодогу сүйлөшкөндөр өзү менен бир тууган агасы Жолдошалынын уулу Эркин экенин ырастаган. Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кайрылып, Манас шаарындагы “Барселона” академиясынын жанында инисинин жер тилкесин арзаныраак сатууга көндүрүп берүүсүн суранганын» айткан.
Бакыт Төрөбаев 2022-жылдын март айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлыгына дайындаган.
Бакыт Төрөбаев — 53 жашта. Ал “Ак жол”, “Республика” жана “Өнүгүү-Прогресс” партияларынын тизмеси менен дагы шайлоолорго катышып, жалпысынан Жогорку Кеңештин төрт чакырылышынын депутаты болгон. 2009-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалаган.
Сүрөттө: Бакыт Төрөбаев. Интернет булактарынан




