Садыр Жапаров: Конституция боюнча ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу

  • 4 недели мурун

Президент Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде кадрдык дайындоолор, шайлоо укугу, Конституциялык сотко кайрылуу, 75чилер, мурдагы төрага Тургунбек уулу, УКМКдагы реформа жана коорупция менен күрөшүү тууралуу суроолорго жооп берди.  

Мурдагы маалыматта айтканыбыздай, «Чечим кабыл алаар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн «ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар» дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан» деди Садыр Жапаров.

 Кадрдык дайындоолордо эч кандай бөлүнүү жок. Ар бир дайындоо кылдат текшерүүдөн өтөт. Мен мурда Камчыбек Ташиев мырзанын алдында да, министрликтердин, башкармалыктардын жетекчилеринин, Министрлер кабинетинин төрагасынын, губернаторлордун алдында да, мамлекетке иштей турган, принципиалдуу, кесипкөй кадрларды сунуштагыла деген талап коём жана азыр деле ошондой талап коюп келе жатам. Алар ошол критерийлерге ылайык сунуш кылышат. Ошондуктан «Жапаровдун командасы» же «Ташиевдин командасы» деген бөлүнүү жок,-деп билдирди президент.

Ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу    

Ал эми бир мөөнөт өзү, бир мөөнөт досу отурат деген сөздөр боюнча президент минтип жооп берди:

-Кыргызстан — демократиялык өлкө. Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечет. Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат. Ошондуктан «бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул» деген сыяктуу сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт жана саясий маданиятка да жатпайт. Мындай пикирлер элдин тандоо укугун жокко чыгарууга аракет катары кабыл алынат-деди президент.

Конституциялык сотко кайрылуу тууралуу мындайча түшүндүрдү:  

-Мен ар дайым коомдо жаралган күмөн саноолорго жана талаштуу маселелерге мыйзамдуу, так жооп болушу керек деп эсептейм. Бүгүн Кыргызстанда Конституциялык сот бар, дал ушул орган Конституцияга байланыштуу бардык талкууларга, ар кандай чечмелөөлөргө акыркы, так аныктамасын, укуктук баасын бере алат. Ошондуктан бул маселе боюнча Конституциялык сотко кайрылганыбыз укуктук жактан туура жана логикалуу кадам деп эсептейм.

75 адамдын кайрылуусу тууралуу

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан айтылган сын-пикирлерди ошол эле «75 адамдын кайрылуусу» менен бир кампания деп байланыштырса болобу деген суроого жооп мындайча болду:

 Учурда тиешелүү органдар тарабынан тергөө иш-чаралары жүрүп жатат. Дал ушул тергөө силер айткан демилгенин канчалык масштабда болгонун, канча адам катышканын так көрсөтүп берет. Балким катышуучулардын саны азыр айтылып жатканынан да көп болушу мүмкүн, бирок мен так жоопту тергөөнүн жыйынтыгын күтүп туруп айтам.

Нурланбек Тургунбек уулунун өз ыктыяры менен кызматтан кетиши тууралуу  

 Жогорку Кеңештин төрагасы өз каалоосу менен кызматын тапшырып берди. Анын бул кадамы акыркы окуяларга, 75 адамдын катына кандайдыр бир байланышы барбы?

 Түздөн-түз тиешеси бар деп айткандан алысмын. Балким ошолордун же аларды уюштургандардын жетегине кирип кеткендир. Балким ошол катасын сезип, депутаттардын өз ара бөлүнө башташына жол бергенине өзүн айыптуу сезип ушундай жыйынтык чыгаргандыр.

УКМКны реформалоо тууралуу

 Учурда УКМКны реформалоо маселеси коомдук талкууда. Кандай реформалар күтүлүүдө? Айрымдар айткандай атайын кызмат чалгындоо жана контрчалгындоо функцияларына гана өтүп, мурунку классикалык багытына кайтабы?

 УКМК өзүнө жүктөлгөн миссияны толук аткарды. Айрым багыттарда аны ашыгы менен да аткарды десек болот. Бирок мамлекет деген тирүү организм, ал дайыма өсүп, өзгөрүп турушу керек. Кечээ улуттук коопсуздук алдында башка чакырыктар турса, бүгүн таптакыр башка чакырыктар турат. Ушул реалдуулуктарды эске алуу менен УКМКда сапаттуу, заманбап коркунучтарга жана глобалдык өзгөрүүлөргө жооп бере турган реформа жүргүзүлөт. Дүйнө өзгөрүп жатат, ошого жараша биздин мамлекеттик институттар да алдыга жылып, жаңыланып турушу зарыл.

УКМКда «жакшы иштер көп» деген жүйө менен көз жумуу болобу деген суроо да болду:

-Мыйзам ар дайым иштеп келген жана мындан ары да иштей берет. Эч бир мамлекеттик кызматкерге мыйзам бузууга же жеке кызыкчылык үчүн кандайдыр бир аракеттерге барууга уруксат берилген эмес. Эгер атайын кызматтын же башка мамлекеттик органдын айрым өкүлдөрү мыйзам чегинен чыгып, өз ыйгарым укуктарынан аша чапкан фактылар аныкталса, алар сөзсүз түрдө иликтенет жана жоопкерчиликке тартылат. Мыйзам алдында баарыбыз бирдейбиз.

Достук аягына чыгабы?

 Эл оозунда сизди жана Камчыбек Ташиевди «эки дос» деп коёру жашыруун эмес. Эми сиздердин достук ушул акыркы чечимдериңиз менен аягына чыктыбы?

 Достугубуз кала берет. Камчыбек Кыдыршаевичти кызматтан аларда ал менен байланышып, кыраалды түшүндүрүп, анан чечим кабыл алдым. Жогоруда айтканымдай менин чечимим мамлекетибиздин, элибиздин тынчтыгы, биримдиги үчүн кабыл алынды. Биздин достугубузду кайсыл бир кызматка же кандайдыр бир кызыкчылыкка байлоо туура эмес.

Криминал менен күрөш

Коррупция жана криминал менен күрөш токтобой турганы айтылды:  

 Эч качан токтобойт. Коррупция жана криминал менен күрөш 24 саат бою жүрүп турат. Мен дайыма бул эки маселе боюнча талапты катуу коюп келгем жана мындан ары дагы катуу карайм бул эки маселеге. Муну бардык мамлекеттик кызматкерлер жакшы билишет. Биздин өлкөдө криминал жана коррупция жок болууга тийиш,-деди Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, ал күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирген.

Бүгүн Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келди.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты