Садыр Жапаров: “Досума телефон чалып, кызматтан алып жатканымды билдирип, анан чечим кабыл алдым”
- 4 недели мурун
Президент Садыр Жапаров акыркы кадрдык жүрүштөр тууралуу “Кабар” агенттигине маек берди.
-Иштин баары Жогорку Кеңештен башталды. Айрым депутаттык топтор депутаттарды чакырып алып, «биз тарапта болосуңбу же тиги тараптасыңбы» деп депутаттарды бөлүп баштады. «Ай бул тарабың ким дагы, тиги тарабың ким» деп сураган депутаттарга: «бул тарап генерал тарап деп погонду көрсөтүп, тиги тарап президент тарап» деп иш жүргүзө башташты.
Андан кийин бул бөлүп-жаруу көчөдөгү «ак сакалдарга» өттү. Алар мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрө салалы деп кол чогултуп, «жогорку жак менен макулдашылган», Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяламай болду дешип элдин башын айланта башташты.
Анан эгер мен тез арада ушундай чечкиндүү кадамдарга барбасам жөнөкөй элге тарап, эл дагы экиге бөлүнө баштайт эле. Анткени депутаттарды, айрым мамлекеттик кызматкерлерди генерал менен коркутуп аткан фактылар бар эле менде. «Эгер биз тарапка өтпөсөң сен генерал менен “будешь иметь дело” деп. Ошондуктан ушундай чечим кабыл алууга туура келди.
Чечим кабыл алаар алдында досума телефон чалып, бул жакта болуп жаткан абалды түшүндүрүп, кызматтан алып жатканымды билдирип анан чечим кабыл алдым. Мен мындай тез чечим кабыл алуум менен досумдун өзүн сактап калдым деп эсептейм. Себеби айлана-тегерегинде жүргөн «ак сакалдар дейбизби, көк сакалдар» дейбизби айтор досумду жолдон адаштырып бара жатышкан, -деди Садыр Жапаров.
Алар Камчыбек Ташиевдин атын жамынып, “Генерал тарапка өткүлө” деп парламент депутаттарынан тарта, жооптуу мамлекеттик кызматтагы адамдарга, коомдо аттуу-баштуу делген адамдарга чейин чыга башташкан.
Камчыбек Ташиевди кызматтан албасам жогорудагы багытта иш алып баргандардын аракетинин аркасында бул сөздөр дагы да күчөп, мамлекеттик түзүмдө иштегендер арасында, коомчулукта ажырым пайда болуп, ал турсун тирешүүлөргө дагы алып келмек. Ошол үчүн досумду кызматтан алууга туура келди. Мамлекеттеги стабилдүүлүк мен үчүн баарынан жогору,-деди президент Жапаров «Кабар» агенттигине берген маегинде.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.
Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, ал күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирген.
Бүгүн Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келди.
Сүрөт: president.kg




