Садыр Жапаров: Акыркы жыйынтык  кол санак бүткөндөн кийин чыгат

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоого байланыштуу саясий партия өкүлдөрүнө,  кыргызстандыктарга Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылды.

-Шайлоо эң жакшы келе жатып эле болбогон жерден БШКнын майда-чүйдө кетирген катасынан, айрыкча, өтпөй калган партиялар тарабынан, ишенбөөчүлүк пайда болду.

БШКнын адистери кетирген ката серверге эч тиешеси жок экенин дагы бир жолу тактап чыктык.Сервер берген жыйынтыктар БШКнын адиси кетирген катага эч тиешеси жок. Акыркы жыйынтык кол менен санактар бүткөндөн кийин чыгат.

Кол менен санакка активдүү катышкыла. Санак бүткөндөн кийин бюллетендерди архив үчүн сактап коебуз. Кимдер кааласа, каалаган участокторун кайсы убакта болбосун ачып, санап алышса болот,- деди Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы күнөөлүүлөр жоопко тартыларын белгиледи:

-Күнөөлүүлөрдү жоопко тартабыз. Азыр УКМК териштирүү иштерин баштады. БШКнын ката кетирген адисинин айрым адамдар менен байланышы жокпу?Балким, “мен ушундай кылып силерге митингге чыкканга шылтоо жасап берем” деп, алдын ала кандайдыр бир күчтөр менен келишип алган эмеспи деген сыяктуу териштирүүлөр жүрүп жатат. Жыйынтыгын УКМК өзү билдирет, деди.

Кыргызстанда, парламенттик шайлоо өтүп, анын автоматташтырылган системасынын эсептөөсү боюнча алдын-ала жыйынтыгы жарыяланган. 5 саясий партия алдыга чыкты. Алар-“Ата журт-Кыргызстан” партиясы-16, 44%, “Ишеним”-13, 20% ,  “Ынтымак”-10,65%,  “Альянс” -8,07% менен, “Бүтүн Кыргызстан”-6,58%, “Ыйман нуру” -5,96%.

Ал эми бир мандаттуу округдардан 36 талапкер өткөндүгү жарыяланды.

28-ноябрда саат 20:30га карата 1500гө жакын шайлоо тилкесиндеги жыйынтык борбордук автоматташкан системага түшүп, сайтына жарыяланган. Алдын ала жыйынтык боюнча, 10 партия 5 пайыздык чектен өткөн болчу. Бирок кийин ал жокко чыгарылды.

 «Ата Мекен», «Социал-демократтар», «Улуттар Биримдиги», «Азаттык» партиялары парламенттик шайлоонун жыйынтыгы бурмаланганын билдиришти. Ошондуктан шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, БШКнын учурдагы курамын таратууну талап кылаарын айтып чыгышты.

29-ноябрда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон партиялардын өкүлдөрү БШКнын алдына тынч митингге чыгышты.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты