Сөз эркиндиги: Орунбеков сындады. “Апрель” редакциясы жооп берди

  • 3 месяца мурун

Президенттин маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Американын жаңы шайланган президенти Дональд  Трамп жалган маалымат таратты деген  телеге 15 миллион доллар айып салганын мисал келтирип, Кыргызстанда сөз эркиндигине чектөө, журналисттерге кысым болуп жатат деген ЖМКларды сындап, анын ичинде “Азаттык” менен “Апрель” телеканалын атап өттү.      

“Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, журналисттерге кысым болуп жатат”деп дайым билдирүү таратып, сөз эркиндигинин мекени Америка деп кыйкырып келген бейөкмөт уюмдарына, айрым сайттарга суроо бергим келип турат. Чыныгы сөз эркиндиги кимде экен, Кыргызстандабы же Америкадабы? Төмөндөгү жаңылыкты сиздер менен бөлүшөйүн, жаңы шайланган Президент Трамп тууралуу жалган маалымат тараткан телесетке 15 миллион доллар айып салынып, төлөтүп жатканы жазылыптыр” деди Дайырбек Орунбеков.

Ошону менен бирге эле “Азаттык” медиасын  жана “Апрель” телеканалын жалган маалымат таратты деп билдирди.   

“Эми, баарын эсептебей эле коеюн, жакында эле “Азаттык” медиасы президент Садыр Жапаровду Пригожинге байланыштырган жалган маалымат жазып, аны бир нече тилдерге которуп тараткан. Материал бир сутка бою сайтта илинип турду. Такташа келгенде гана “Лейла Саралаева ушундай пост жазган экен, ошону пайдаланып койдук эле” деп кечирим сурап, бир суткадан кийин өчүрүп коюшкан” деп,  бул үчүн сотко берип, айып салса мыйзам жол бермек деди.

“Бул сыяктуу жалган каралоо, ушактар, жалаа сөздөр күндө айтылат, жазылат. Президент бирөөнө дагы көңүл буруп, сотко берип, Американын президенти Трамп сыяктуу айып салдырып, акча өндүрткөн жок” деди ал.  

“Апрель.ТВ” медиасы дагы көп жолу жалган маалымат таратат. Анын бири, аянтта илинген желекти “40 эмес, 39 эле нуру бар экен, күндө айрылып жатат” деп элге терс мүнөздөгү жалган маалымат таратып, Бишкек мэриясынын беделин түшүрүп, убара кылышкан. Буларды деле калаа башчысы сотко берсе болот беле? Өзүнүн башындагы төөнү көрбөй, өзгөлөрдүн башынан чөптү издеген, ар дайым биздин ички ишибизге кийлигишип, баа берип, демократиянын баалуулуктары тууралуу мораль окугандарга айтар элем. Чыныгы сөз эркиндиги, чыныгы демократия бизде – Кыргызстанда. Баса, Кыргызстандагы сөз эркиндиги тууралуу көп чагылдырган “Азаттык” сайты, бир катар бейөкмөт уюмдарынын өкүлдөрү, Америкадагы 15 миллион доллар айыпка жыгылган телесеть тууралуу көңүл сыртында калтырып жатканын байкадым» деди Орунбеков”.

“Апрель ТВ” Орунбековдун айткандарына жооп берди.  

“Апрель” телеканалы жаңы желектин бир нурунун жетишпегени тууралуу расмий маалыматты гана жарыялаган, ал эми жыртылган желек тууралуу аны көргөн кишинин маалыматын беришкенин, бирок желектин айрылган эместиги тууралуу мэриянын төгүндөөсүн жарыялаганын, бул бир гана учур экенин, ал эми бир нече учур деп айтуунун далилдерин келтирүүнү өтүндү.

“Апрель” редакциясы ЖМКнын интернет аянтчаларында “39” нур тууралуу маалымат жарыяланбаганын билдирет, анда расмий адамдардын төгүндөөсү гана берилген. “Апрель” редакциясы жыртылган желек тууралуу аны көргөндөрдүн маалыматын жарыялаган, ал эми мэрия текшергенден кийин желектин жыртылбаганы белгилүү болгондо, журналистиканын талаптарына ылайык, биз дароо төгүндөө бердик. “АпрельТВ” дагы көп жолу жалган маалымат таратат” деп айткандары туура болсо, Орунбековдун факты келтиришин суранат” деп билдирди “Апрель” редакциясы.

Ал эми “Азаттык” азырынча Орунбековдун айткандарына комментарий бере элек.  

Жакында, 11-декабрда, парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги парламентте да, башка жакта да бар экенин эске салды.  

Президент Садыр Жапаров да сындап өткөн:

“Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат» деди Жапаров.

Буга чейин Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайты бөгөттөлүп, “24.kg” агенттигинин кеңсеси тинтүүгө алынган. Ал эми 2024 жылдын башында “Темиров Лайв” редакциясынын кеңсеси тинтүүгө алынып, 11 журналисттин үйлөрүндө тинтүү жүрүп,  камакка алынышкан. Мындай кадамдарды бир канча эл аралык уюмдар сөз эркиндигине кысым катары баалашкан.

10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.    

Андан кийин Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамга кол коюп, ошол эле учурда аларга куугунтук болбосуна кепилдик берген. Жүздөгөн ата-мекендик жана эл аралык уюмдар Садыр Жапаровду бул мыйзамга кол койбоого чакырышкан.

Сүрөттө: Дайырбек Орунбеков. Интернет булактарынан.

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты