Парламент төрагасы Шакиев өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин дагы бир жолу билдирди

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 11-декабрда, парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги парламентте да, башка жакта да бар экенин эске салды.   

-Бир көрүнүш: Кыргызстанда сөз эркиндиги жок, сөз эркиндиги төмөндөп кетти деп ар кандай индекстер менен көптөгөн эл аралык уюмдар бизге баа берип жатат. Ушул туура эмес экенин айтып коеюн. Бул жерде эң маанилүү документти карап жатканыбызга карабай, массалык маалымат каражатттарынын өкүлдөрү ар бир депутатты каалагандай чакырып алып, суроолорду берип жатат. Бул көрүнүш парламентаризмдин «бешиги» деген Улуу Британияда да жок, массалык маалымат каражаттарына арка жагын тосуп койгон, айнек терезе менен. Алар суроолорун бере албайт, чакыра албайт. Чыкканда дагы депутаттар башка жол менен чыгат, контакт болбойт. Мына ошондой өлкө бизге баа берип жатат, бүгүнкү күндө индекс түшүп кетти деп. Мына, сөз эркиндиги, каалагандай, чакырып, суроолорун берип жатат. Ошон үчүн, урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, сиздер дагы, ошондой биздеги сөз эркиндигинин абалы айтылган учурда өз үнүңөрдү чыгарып коюшуңар керек, сөзсүз түрдө. Бул өтө маанилүү. Бизде сөз эркиндиги бар, парламентте да бар, бардык жерде бар» деди Нурланбек Шакиев.

Нурланбек Шакиев Кыргызстанда сөз эркиндиги бар бар деп буга чейин да билдирген.

-Сөз эркиндигине куугунтук же кысым дегенге мен кошулбайм, себеби бардык нерсенин чеги болот. Эң биринчи жоопкерчилик болуш керек. Кайсы бир сырттан каржыланган уюмдар Кыргызстандын бүгүнкү стабилдүүлүгүнө, экономикабыздын өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин тийгизбей койбойт, -деген Шакиев.

Буга чейин Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайты бөгөттөлүп, “24.kg” агенттигинин кеңсеси тинтүүгө алынган. Ал эми 2024 жылдын башында “Темиров Лайв” редакциясынын кеңсеси тинтүүгө алынып, 11 журналисттин үйлөрүндө тинтүү жүрүп,  камакка алынышкан. Мындай кадамдарды бир канча эл аралык уюмдар сөз эркиндигине кысым катары баалашкан.

10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.    

Андан кийин Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар” жөнүндө мыйзамга кол коюп, ошол эле учурда аларга куугунтук болбосуна кепилдик берген. Жуздөгөн ата-мекендик жана эл аралык уюмдар Садыр Жапаровду бул мыйзамга кол койбоого чакырышкан.

Сүрөттө: Нурланбек Шакиев. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты