Айдоочулукка окутуунун баасы 19 миң сом болоору айтылды   

  • 3 месяца мурун

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков айдоочулукка окутуунун баасы 19 миң сом болорун Фйесбук баракчасында билдирди.  

-Дагы бир маанилүү жагдайды тактап кетейин. Ошол эле каршылык кампаниясын уюштуруп жаткандар “айдоочулукка окутуунун баасы 100 миң сом имиш, 200 миң сом болот экен” деген ушактарды таратып келишти. Бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Азыр эле окутуунун баасы боюнча 19 миң сом болуп расмий чечим кабыл алынды, ал эми практика учурундагы күйүүчү май сыяктуу чыгымдарды окуучулар өздөрү көтөрөт.

Бул мурдагы жеке автомектептердеги бааларга салыштырмалуу бир топ арзан. Жеке автомектептерде окуунун жана практикалардын баасы биригип 35-36 миң сомдун тегереги болчу экен,-деди Орунбеков.

Парламенттин 28-январдагы жыйынында депутат Болот Ибрагимов жеке автомектептердин жабылышы тууралуу маселе көтөрдү. Ал айдоочулукка окутуу жаатындагы реформа тууралуу элге жеткиликтүү маалымат берилбей жатканын сынга алды. Мындан башка дагы бир топ депутат айдоочулукка окутууну 10-12 айдан кыскартуу керектигин айтып чыгышты.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине жеке автомектептердин жабылышы, мамлекеттик автомектептердин артыкчылыктары жана айдоочулук окуунун мөөнөтү тууралуу маек берди.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты