Чет өлкөлүк өкүл мыйзам долбоору: 100дөн ашык уюм президентке кайрылды

  • 1 месяц мурун

Кыргызстандагы 100дөн ашык жарандык уюм “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоору боюнча президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошту. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Биздин кылым” фондунун жетекчиси Чинара Айтбаева билдирди.

Анда бул мыйзам кабыл алына турган болсо, өлкөгө эл аралык донорлордон келип жаткан каржылык колдоонун көлөмү кескин кыскара турганы, бул жагдай Кыргызстандагы бир катар тармактарга терс таасир этери жазылган.

Мисал катары калктын арасында оорулардын айрым түрлөрүнүн көп жайылышы айтылып, учурда кургак учук, ВИЧ, рак жана башка илдеттер боюнча коммерциялык уюмдар жарандарга жардам берип келе жатканы белгиленген. Мындан тышкары мыйзамдын кабыл алынышы билим берүү программаларынын жабылышына, адам укуктарынын абалынын начарлашына, өлкөгө келген инвестициялардын кыскарышына алып келиши мүмкүн экени жазылган.

Кайрылуу жолдогондор Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдар мамлекеттин өнөктөшү экенин, көйгөйлөрдү жөнгө салууда кызматташып келерин белгилешкен:

“Коммерциялык эмес уюмдар адам укуктарын, айлана-чөйрөнү коргоо, коррупцияга каршы аракеттенүү жана башка көптөгөн социалдык маанилүү тармактарда активдүү иш алып барышат. Алардын ишмердиги демократиялык институттарды чыңдоого жана өлкөдө мыйзам үстөмдүгүн камсыздоого да жардам берет”.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда “саясий иш менен алектенген” деген категориянын киришин айыптап, мындай талаптын кириши адам укугуна жана Кыргызстан кол койгон эл аралык резолюцияларга каршы келери жазылган.

Жарандык уюмдардын отчеттуулугу ачык-айкын экенин, алардын ишмердигин көзөмөлдөө боюнча мыйзамдагы азыркы талаптар жетиштүү экенин белгилеп, Мамлекеттик салык кызматына, Социалдык фондго жана статистика органдарына үзгүлтүксүз отчетторду берип турушарын такташкан.

Мындан улам президент Жапаровду укугунан пайдаланып, “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбооруна вето коюуга чакырышкан.

Эл аралык уюмдар, бир катар өлкөлөрдөн 30дан ашуун жарандык бейөкмөт уюмдар Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга кол койбоого чакырышкан. АКШ, Армения, Беларусь, Бельгия, Венгрия, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Польша, Украина, Швеция жана башка өлкөлөр боюнча иштеген бейөкмөт уюмдар, «Адам укуктары боюнча Хельсинки фонду», «Адам укуктары боюнча эл аралык федерация», «Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм», Amnesty International уюмдары кол койгон катта эгер бул мыйзам кабыл алынса Кыргызстандагы демократияга, жарандык коомдун өнүгүүсүнө олуттуу зыяны тиери белгиленди.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору коомчулукта «чет элдик өкүл» деген атка конгон.

Аны Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова жазган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын жарымынан көбү авторлуктан баш тартып койгон.

Нарматова анда «бейөкмөт уюмдардын ишине тыюу салган, сөз эркиндигине шек келтирген, демократияга каршы багытталган эч нерсе жок» экенин айткан.

Көз каранды эмес талдоочулар бул мыйзам Орусиянын «чет элдик агенттер» тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын белгилешкен.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештен өттү. Эреже боюнча, мыйзам долбоору парламенттин колдоосун алгандан кийин президенттин кароосуна жөнөтүлөт.

Сүрөт: RF/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты