“Токтобосоңор камаласыңар”. Орунбеков чет элдиктер тууралуу фейк маалымат тараткандар жоопко тартылаарын айтты

20-июлда Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда чет элдиктер тууралуу терс жана такталбаган маалыматтарды таратуу фактылары көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, айрым саясатчылардын тарапташтары жана фейк аккаунттар аркылуу «кытайлар өлкөнү басып жатат», «жерлер сатылып жатат», «тышкы карыз өсүп кетти» деген сыяктуу маалыматтар таралууда. Орунбеков мындай билдирүүлөр негизсиз экенин белгиледи.

“Буга чейин Адахан Мадумаров, Алмазбек Атамбаев жана НПОчулардын фейктери таратып келген болсо, эми аларга Камчыбек Ташиевдин командасынын фейктери кошулду.

Эми эртең ушуларды аныктап, кармап барып камап коюшса, эне аталары жана бир туугандары «балабызды жөн эле камап коюшту, кызыбызды жөн эле сурака чакырды»,-деп наалып чыгасыңар

Ошондуктан азыртадан токтобосоңор жакын арада башчыларыңар менен кошо камаласыңар. Жогорудагы темалар боюнча таратып жаткан маалыматыңар суу кечпейт”,- деди Орунбеков.

Президенттик администрациянын Кырдаалдык борбору социалдык тармактардагы фейк аккаунттарды жана алардын байланыштарын аныктоо иштерин жүргүзүүдө. Бул багытта укук коргоо органдары да иш алып барып жатканы маалымдалды.

Бийлик өкүлдөрү жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого жана коомчулукту козуткан билдирүүлөрдөн алыс болууга чакырды.

Ошондой эле ал чет элдиктер жөнүндө жалган маалымат таратты делген аккаунттарды дагы Фейсбук баракчасына жарыялады.

Орунбеков ондогон белгилүү адамдардын сүрөтүн жана жеке маалыматтарын жарыялаган.

(Сүрөттөр Дайырбектин Орунбековдун ФБ постунан)

“Токтобосоңор камаласыңар”. Орунбеков чет элдиктер тууралуу фейк маалымат тараткандар жоопко тартылаарын айтты
“Токтобосоңор камаласыңар”. Орунбеков чет элдиктер тууралуу фейк маалымат тараткандар жоопко тартылаарын айтты
“Токтобосоңор камаласыңар”. Орунбеков чет элдиктер тууралуу фейк маалымат тараткандар жоопко тартылаарын айтты
“Токтобосоңор камаласыңар”. Орунбеков чет элдиктер тууралуу фейк маалымат тараткандар жоопко тартылаарын айтты

Сүрөт: Интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты