Президент Жапаров: “Сөз эркиндиги жок” дегендер өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөндөр

  • 3 месяца мурун

Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине сөз эркиндиги жана адам укуктарынын сакталышы боюнча маек берди.

— Камалган 11 журналист-блогердин жакындары, эл аралык коомдук уюмдар Кыргызстанда сөз эркиндиги жок калды деген пикирлерин билдиришүүдө. Өлкөдө сөз эркиндиги боюнча абал чын эле ушундайбы?

—Сөз эркиндиги жок дегендер – “сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып, каалаганын кылып келгендер, сөз эркиндигине жамынып алып өлкөгө бүлүк салууну пландап жүргөн “лжемекенчилдер”. Биз өлкөгө бүлүк салгысы келген андай арам ойлууларга жол бербейбиз. “Сөз эркиндиги” деген терминге жамынып алып биздин менталитетибизге, салтыбызга, табиятыбызга туура келбеген үгүт иштерин жүргүзүп, элди бузуп жатышат. Жалган маалымат таратып, кимдир бирөөлөрдүн аброюна шек келтирген учурлар болуп жатат, — деди президент Садыр Жапаров.

-Ал эми чыныгы сөз эркиндигин колдонуп, бийликти сындап, бийликте олтурган коррупционерлердин бетин ачып, кемчиликтерди айтып тургусу келген жарандарыбыздын жөнү башка. Алардан бизге бир гана пайда келет. Андай жардам бергиси келген жарандарыбыз интернет аркылуу, же Бишкектеги М.Горький аянтында каалашынча айтып, кайрылуу кыла беришсин,- деп кошумчалады президент «Кабар» агенттигине берген маегинде.

«Журналисттерди коргоо комитети» (The Committee to Protect Journalists — CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда кармалган 11 журналистти эки айга камакта калтыруу боюнча Бишкек шаардык сотунун чечимин кескин айыптады.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган.

Кармалган 11 журналисттин баарынын үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. ИИМ айыпталуучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда документтер, уюлдук телефондор, фотораппараттар, ноутбуктар, компьютерлер, планшеттер, техникалык жабдуулар жана банктык карталар табылгандыгын билдирди. Жалпысынан 162 буюм алынгандыгы маалымдалды.

Кармалгандар аларга коюлуп жаткан айыпка макул эместигин айтып жатышат.

17-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту «Айт, айт десе» жана «Темиров LIVE» долбоорлорунун, «Арча Медианын» жана «ПолитКлиника» басылмасынын 11 кызматкерин эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Алар – «Темиров LIVE» редакциясынын кызматкерлери Максат Тажыбек уулу жана Акыл Орозбеков, кабарчысы Айке Бейшекеева, редакциянын мурдагы кабарчысы, «Нур пресс» медиасынын журналисти Жоодар Бузумов, «Темиров LIVE» редакциясынын, «Айт, айт десе» долбоорунун кызматкерлери Сапарбек Акунбеков жана Азамат Ишенбеков, аталган долбоорлордун директору, Кыргызстандан чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темировдун жубайы Махабат Тажыбек кызы, «Темиров LIVE» редакциясынын мурдагы журналисти, учурда «Арча Медиада» (мурдагы Next TV медиасы) иштеген Сайпидин Султаналиев жана азыр «Алга Медианы» иштетип жаткан Актилек Капаров, ошондой эле Жумабек Турдалиев аттуу кызматкер жана 2022-жылы жайында «Темиров LIVE» каналынан кетип, ошол жылдын сентябрынан тартып «ПолитКлиникада» иштеп жаткан Тыныстан Асыпбеков.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты