Россия-Украина сүйлөшүүлөрү: Стамбул шаарында өтүп жатат
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 16-майда, Түркиянын Стамбул шаарында Россия жана Украина делегациялары жолугушууда. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги билдирди.
Жолугушуу Стамбулдагы Долмабахче сарайында өтүүдө.
Россиянын делегация курамына президенттин жардамчысы Владимир Мединский, тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин, Армия башкы штабынын башкы башкы башкармалыгынын башчысы Игорь Костюков, коргоо министринин орун басары Александр Фомин кирди.
Украина делегациясын Рустем Умеров жетектеди.
Россия менен Украина 2022-жылдан бери биринчи жолу жекеме-жеке сүйлөшүү жүргүзүп жатат.
Орусиянын президенти Владимир Путин 2022-жылы аягына чыкпай калган сүйлөшүүнү 15-майда Стамбул шаарында улантууну Украинага сунуштаган. Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен 15-майда бетме-бет жолугушууга даяр экенин билдирген. Зеленский Түркияга барган жана Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушкан.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан