Рим папасы шайланды

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 8-майда, Ватиканда Рим папасы болуп америкалык Роберт Прево шайланды.

Жаңы Рим папасы Арстан XIV деген лакап ысымды алды. Прево 69 жашта, Чикаго шаарынан болот.

Шайлангандан кийин жаңы папа Ыйык Петр соборунда чогулгандар алдына чыкты.

Буга чейин Ватиканда жыйынга чогулган кардиналдар Рим-католик чиркөөсүнүн башчысын шайлаганы, бул тууралуу Сикстин капелласынан чыккан ак түтүн белги бергени айтылган. Бирок Рим папасы ким экени айтыла элек болчу.

Ватикан кардиналдары 7-майдагы биринчи конклав учурунда Рим папасын шайлай алган эмес.

Ушул жылдын 21-апрелинде Рим папасы Франциск 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Сүрөттө: Жаңы шайланган Рим папасы. AP

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты