Рим папасы Франциск дүйнөдөн кайтканы кабарланды
- 3 недели мурун
21-апрелде Рим папасы 88 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Reuters агенттиги Ватиканга шилтеме берип, билдирди.
Рим папасы Франциск 14-февралда дем алуу органдарынын дартына чалдыгып, Римдеги Жемелли ооруканасында дарыланып жаткан.
Хорхе Марио Бергольдо 1936-жылы Буэнос-Айрес шаарында туулган. Ал католик чиркөөсүнүн Латын Америкасынан чыккан алгачкы понтифиги болгон. Ал 13-мартта 2013-жылы Рим папасы болуп шайланган. Рим папасы жеке сапаттары менен миллиондогон христиандарды шыктандырып турган. Ал диндердин диалогго барышы, жакыр адамдарды колдоо, айлана-чөйрөнү сактоо, боорукерлик сапаттарынын зарылдыгы тууралуу айтып келген.
Биринчи папа-иезуит, Григорий XVI дин заманынан берки биринчи монах-папа болуп саналат. Рим папасы болуп шайланганга чейин ал Аргентинада диний ишмер, кардинал, дин таануу илимдеринин доктору болгон. Рим папасы болуп шайлангандан кийин ал Франциск деген ысымды алган.
Сүрөттө: Рим папасы. AP