Президенттик шайлоо: Үгүт иштерине катышуу үчүн ЖМК жана интернет-басылмалар аккредитациялоодон өтүшү керек
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн ЖМКлар жана интернет-басылмалар “Шайлоолордо ЖМКларды аккредитациялоо” автоматташтырылган маалыматтык тутуму аркылуу Шайлоо жана референдум өткөрүү борбордук комиссиясында аккредитациядан өтүүгө тийиш.
Бул тууралуу БШК билдирди.
2026-жылдын 14-октябры президентттик шайлоодо өнөктүк алдындагы үгүткө катышуу үчүн жалпыга маалымдоо каражаттарын жана интернет-басылмаларды аккредитациялоого арыздарды кабыл алуунун акыркы күнү болуп саналат.
Эфир убактысы же басма аянты үчүн төлөмдүн өлчөмү бардык саясий партиялар жана талапкерлер үчүн бирдей болушу жана шайлоо дайындалган күнгө чейинки 6 айдын ичинде белгиленген нарктан ашпашы керек.
Ушуга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар белгиленген мөөнөттө – 2026-жылдын 14-октябрына чейин – автоматташтырылган маалыматтык тутум аркылуу төмөнкү документтерди бериши керек:
— жетекчинин аты-жөнү, жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлгөн шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даяр экендиги жөнүндө арызды;
— Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн;
— интернет-басылмалар үчүн юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсүн же болбосо салык органдарында жеке ишкерди каттоо жөнүндө күбөлүктүн (патенттин) көчүрмөсүн (интернет-басылмалар үчүн);
— маалымат же маалыматтык коммуникациялар чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген ишмердикти жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү документтердин көчүрмөсүн;
— уставдын көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
— эфир убактысын, басма аянтын же жарыялоолорду интернет-басылмада жайгаштыруу укугун бергени үчүн төлөмдүн өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө күбөлөндүрүлгөн маалыматтарды.
Жалпыга маалымдоо каражаттарынан жана интернет-басылмалардан жогоруда көрсөтүлгөн документтер кагаз түрүндө, ошондой эле КР БШКнын маалыматтык камсыздоо секторунун [email protected] электрондук почтасы аркылуу кабыл алынбайт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын расмий сайтынын башкы бетинде жайгашкан “ЖМКны аккредитациялоо” бөлүмүнө кирип, арыздарыңыздарды калтырсаңыздар болот.
Сурап-билүү үчүн телефон: 66 54 52
Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш 24-сентябрда чечим кабыл алды.
Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.
Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




