Кара түтүн. Кардиналдар биринчи жыйында Рим папасын шайлай алган жок  

Ватикан кардиналдары 7-майдагы биринчи конклав учурунда Рим папасын шайлай алган жок. Бул тууралуу Сикстин капелласынан чыккан кара түтүн кабар берди. Ватикандан түз байланышты Sky News алып барды.

Кара түтүн бир дагы талапкер тиешелүү добуш албаганын ырастайт. Рим папасы шайланган болсо, Сикстин капелласынан ак түтүн чыкмак. Шайлоо үч сааттан ашык убакытка созулду.

Ватиканда папаны шайлоого 133 кардинал катышты. Жаңы талапкер кеминде 89 добуш алышы керек.

Шайлоонун экинчи туру 8-майда кайра башталат. Ватикандагы биринчи шайлоодо Ыйык Петр аянтында 45 миң адам чогулган. Шайлоонун биринчи күнү кардиналдар бир жолу гана добуш беришет. Калган күндөрү төрт жолуга чейин добуш берүү уюштурулушу мүмкүн. Жаңы папаны шайлаш үчүн, 33 иретке чейин добуш берүү уюштурулат.  Эгер 33 жолу да шайланбай калса, акыркы турда алдыга чыккан эки талапкер тандалып алынат да, экөөнүн көп добуш алган бири шайланды деп эсептелет.

   

Ушул жылдын 21-апрелинде Рим папасы Франциск 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Хорхе Марио Бергольдо 1936-жылы Буэнос-Айрес шаарында туулган. Ал католик чиркөөсүнүн Латын Америкасынан чыккан алгачкы понтифиги болгон. Ал 13-мартта 2013-жылы Рим папасы болуп шайланган. Рим папасы жеке сапаттары менен миллиондогон христиандарды шыктандырып турган. Ал диндердин диалогго барышы, жакыр адамдарды колдоо, айлана-чөйрөнү сактоо, боорукерлик сапаттарынын зарылдыгы тууралуу айтып келген.   

Сүрөт: Сикстин капелласынан чыккан кара түтүн. Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты