Ак түтүн. Ватиканда кардиналдар Рим папасын шайлады

  • 2 недели мурун

Ватиканда жыйынга чогулган кардиналдар Рим-католик чиркөөсүнүн башчысын шайлоого жетише алды. Бул тууралуу Сикстин капелласынан чыккан ак түтүн белги берди. Ватикандан түз эфирди BBC News уюштурду.

Рим папасы ким болгону азырынча белгисиз. Талапкерге 133 кардиналдын үчтөн экиси добуш бериши керек.

Жакын арада Ыйык Петр соборунда жаңы папа Ватиканда аянтта чогулгандарга расмий түрдө тааныштырылат.  

Ватикан кардиналдары 7-майдагы биринчи конклав учурунда Рим папасын шайлай алган жок.

Ушул жылдын 21-апрелинде Рим папасы Франциск 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Сүрөттө: Сикстин капелласынан чыккан ак түтүн.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты