Next телеканал иши боюнча  Равшан Жээнбековдун уулу Азат УКМКга суракка чакырылды  

  • 2 года мурун

Саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан Next телеканалынын иши боюнча УКМКга суракка чакырылды.

Бул тууралуу Азат Равшан Фейсбук баракчасына жазды.  

-Бүгүн саат 15:00дө “Next” телеканалына карата жасалма кылмыш иши боюнча УКМКга күбө катары чакырылдым.

Мен муну өлкөдөгү сөз эркиндигине, мага жана менин үй-бүлөмө кысым деп эсептейм, — деди ал.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) NEXT TV каналына улуттар аралык кастыкты козутуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, телеканалдын директору Таалай Дүйшенбиевди камакка алган.

Атайын кызмат кабарлагандай, буга телеканалдын Казакстандын Коопсуздук кызматынын мурдагы башчысынын сөзүнө таянып, «Кыргызстан Орусияга аскердик жардам көрсөтөт» деген жалган кабарды социалдык түйүндөрдө таратканы себеп болгон. Экспертиза бул маалыматта «кастык козутуучу белгилер бар» деп тапкан.

Саясатчы Равшан Жээнбековдун «ПолитКлиника» медиасына Next телеканалынын жабылышы, өзүнө жана жакындарына козголгон иштер жана саясий-экономикалык маселелер интервьюсу бул шилтемеде.

Сүрөттө: Азат Равшан. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты