Равшан Жээнбеков шайлоого бара тургандыгын билдирди

Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткан саясатчы Равшан Жээнбеков Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округу боюнча кайрадан шайлоого барарын Кой-Таш окуясы боюнча сот отурумунда учурунда билдирди.

-Мен өткөндө район боюнча шайлоого баргам. Абиров деген ал шайлоо округунан бийликтин күчү менен гана уткан. Мен ал убакта экинчи орунду алгам, түрмөдө отуруп. Азыр дагы кайрадан шайлоого барам. Бул — саясий күрөш, саясий күрөштү биз кайрадан улантышыбыз керек,-деди Равшан Жээнбеков.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунан шайланган Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшыруу тууралуу арыз жазды. Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде жапырт мушташкандар арасында байкалган. 11-мартта кечинде Бишкек шаарындагы ресторандардын бирине келгендер андагы коопсуздук кызматкерлери менен мушташып кеткен. Бул факты боюнча териштирүү жүрүп жатканы маалым болгон.

Былтыр 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган.

Кийин алардын бардыгынын баш коргоо чаралары узартылган. Камактагылардын көбү протест катары ачкачылык кармашкан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты