Президенттик шайлоону таза өткөрүү чаралары боюнча жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров кезектеги президенттик шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө жарлыкка кол койду. 

Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган.

Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө, ошондой эле административдик ресурстардын айрым шайлоо процессинин катышуучуларынын кызыкчылыгында пайдаланылышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулат. 

Маалыматта айтылгандай, мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, ошондой эле кызматтык же башка кызмат абалынан пайдаланып кандайдыр бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук караштуулуктагы уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан токтоосуз бошотуу тапшырмасы коюлган.

Кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өткөрүлө тургандыгы тууралуу Жогорку Кеңеш бүгүн, 24-сентябрда, чечим кабыл алды.

Борбордук шайлоо комиссиясы президентти шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө кеткен чыгымдардын сметасын түздү. Анын жалпы суммасы 1 млрд 200 млн сомду түзөт.

Президенттик шайлоого катышуу ниетин президент Садыр Жапаров жана саясатчы Өмүрбек Суваналиев билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты