Камчыбек Ташиев: Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер мындан ары башкарбайт

  • 5 месяцев мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 23-ноябрда, мамлекетти коррупциядан, уюшкан кылмыштуу топтон тазалоо керектигин билдирди.  

-Женгону Оштон алдырып жатам. Ал буга чейин экрандан айтып коюп эле, кылмыштуу аракетин улантып жатат. Биздин өлкөдө «ОПГ» деген болбойт. Бүт ири ишканалар “дань” төлөп турган. Мен эки жыл даярдандым, алардын куйругун басууга. Женго да уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси болгон. СИЗОдо жатып алып, башкарып турган. Криминалды жок кылабыз. Көлбаев, Матраимов, Женго дегендер башкарбайт, мыйзам башкарат, — деди Ташиев.

«Женго» аттуу каймана аты бар Кадырбек Досонов акча адалдоого жана жер тилкелерин мыйзамсыз басып алууга шектелип 2021-жылдын февралында камакка алынган. 

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты