Активист Мавлян Аскарбеков эки айга камалды
- 1 месяц мурун
13-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековду 12-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды.
Мавлян Аскарбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.
Аскарбековго кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлууда. 12-июнда активист Мавлян Аскарбеков кармалган.
Кармалаар күндүн алдында Мавлян Аскарбеков чагымчыл билдирүүлөр таратылып жатканын соцтармакка жазган. Социалдык тармактагы жеке баракчаларда Аскарбековду каралаган билдирүүлөр да жарыяланган.
Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка өз көз карашын билдирип келет, анын ичинде сынчыл пикирлери да орун алган.
Сүрөттө: Мавлян Аскарбеков. БШК
Муну бөлүшүү




