Мавлян Аскарбековго соттун өкүмү чыгарылары күтүлүүдө
- 2 недели мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 29-сентябрда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда саясатчы Мавлян Аскарбеков акыркы сөзүн айтып, өкүм чыгарылары күтүлүүдө.
28-сентябрда аталган райондук сотто Мавлян Аскарбековдун иши боюнча соттук отурум өттү. Отурумда прокурор саясатчыны 4 жылга камакка алууну суранганын жактоочу Эрик Ирискулбеков «Азаттыкка» билдирди.
13-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековду камакка алуу чечимин чыгарган.
Мавлян Аскарбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.
Аскарбековго кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлууда. 12-июнда активист Мавлян Аскарбеков кармалган.
Кармалаар күндүн алдында Мавлян Аскарбеков чагымчыл билдирүүлөр таратылып жатканын соцтармакка жазган. Социалдык тармактагы жеке баракчаларда Аскарбековду каралаган билдирүүлөр да жарыяланган.
Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка өз көз карашын билдирип келет, анын ичинде сынчыл пикирлери да орун алган.
Саясатчы Аскарбеков коюлган айыпты мойнуна алган жок.
Сүрөттө: Мавлян Аскарбеков. Интернет булактарынан




