Активист Мавлян Аскарбеков кармалды

  • 4 недели мурун

12-июнда активист Мавлян Аскарбеков кармалды. Анын бөгөт чарасы бүгүн, 13-июнда, Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралары күтүлүүдө. Бул тууралуу Адилет Айтикеев Фейсбук баракчасында билдирди.

Мавлян Аскарбековдун кармалганын анын жакындары ЖМКда тастыктады.

Ал эми Мавлян Аскарбековдун кармалышы боюнча расмий маалымат бериле элек. Кармалаар күндүн алдында Мавлян Аскарбеков  чагымчыл билдирүүлөр таратылып жатканын соцтармакка жазган. Социалдык тармактагы жеке баракчаларда Асккарбековду каралаган билдирүүлүр да жарыяланган.

Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка өз көз карашын билдирип келет, анын ичинде сынчыл пикирлери да орун алган.   

Сүрөттө: Мавлян Аскарбеков. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты