Прокуратура иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча соттун чечимине аппеляция берди

  • 2 года мурун

Иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча соттун чечимине прокуратура аппеляция берди.

Бул тууралуу Болот Темиров өзү билдирди.

28-сентябрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Боло Темировду актоо өкүмүн чыгарды. Сот Болот Темировдун ишиндеги бир гана эпизод- 379-берене боюнча күмөн бар деп тапты.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери Бишкек шаардык ИИБге алып кетишкен. Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү. 

Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган. 23-январда Болот Темиров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен бошотулган.

20-апрелде Темировго жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

20-апрелде Темировго жазык кодексинин 379-беренеси («Документ жасалмалоо»), 378-беренеси («Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү») боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн. Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты