ИИМ: Болот Темиров бошотулду

  • 2 года мурун

Журналист Болот Темиров эч жакка чыкпоо кепилдиги менен камактан бошотулду.

Бул тууралуу бүгүн, 23-январда, ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Сапарбек Аманкулов билдирди. Ал ИИМдин алдында өтүп жаткан тынч митингдин катышуучуларына маалымат берди.

22-январда кечинде иликтөөчү журналист Болот Темировду укук коргоо кызматкерлери террористтерге окшотуп, Бишкек шаардык ИИБге алып кетишукен.

Ал эми анын алдында кеңсесинен компьютерлерди алып кетишти. Темировдун иликтөөчүлөр командасынын кеңсесине укук коргоо кызматкерлери иттер менен кирип, журналисттердин колун кайрып, полго жаткырып, тинтүү жүргүздү . 

Жакында Temirov LIVE деп аталган YouTube канал «Эки күндө 37 миллион сом тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы» деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

ИИМ: Болот Темиров бошотулду
ИИМ: Болот Темиров бошотулду
Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты