Президенттин басма сөз катчысы коомчулукту күчтү териштирүүгө эмес, жаратмандыкка жумшоого чакырды

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев акыркы окуяларга жана коомчулуктагы ар кандай талкууларга байланыштуу пикирин Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  

-Президент Жапаров өз кайрылуусунда мурунку президенттердин эч бири менен жеке кызыкчылыгы, кастыгы же милдеттенмеси жок экенин так айтты. Анын негизги максаты – чыныгы улуттук консолидация, кыргыз мамлекетинин өнүгүүсү үчүн биригүү.

Өлкөнүн бардык жетекчилеринин кемчиликтери бар. Эл аларды жакшы билет. Ошону менен бирге жакшы жактарын да эстен чыгарбайлы. Эгер Алмазбек Атамбаев тууралуу айта турган болсок, биз ал башкарган убакытта позитивдүү учурлар дагы болгонун унутпашыбыз керек.

Тилекке каршы, учурда коомчулук арасында жана социалдык түйүндөрдө мурдагы президенттердин, учурдагы бийликтин жана башкалардын тарапкерлеринин ортосунда талаш-тартыш уланууда.

Буга байланыштуу бардык тараптарды өз күчү менен энергиясын өз ара мамиле териштирүүгө эмес, Мекенибиздин бакубаттуулугу үчүн жаратмандыкка багыттоого чакыргым келет.

Президент Жапаров Исхак Раззаковдун убагынан бери келе жаткан – өлкөнүн бардык кийинки жетекчилери жаман нерселердин баарын өзүнөн мурункуларга жабыштырган адатты бузуп салгысы келет.

Бул президенттердин жолугушуусунун негизги максаты болгон жана анын мындан башка жашыруун мааниси жок, -деп билдирди басма сөз катчы.

18-февралда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди.

Садыр Жапаров элге кайрылуусунда мурдагы президенттердин жолугушуусунда сөз болгон маселе тууралуу айтып келип, “Энеңди өлтүргөнгө атаңды алып бер”, “Султан сөөгүн кордобойт” деген лакаптарды мисал келтирип, кечиримдүү болушубуз керек экенин жана  “Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы” деп билдирди,

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев «мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү» деп жазган. Жолугушуу Дубайда өткөнү белгилүү болгон.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, өлкөдө тынчтыкты жана биримдикти орнотуу жана Бакиевдерден кайтып келиши эки башка маселе экенин баса көрсөттү:

Ал эми мурдагы президент Аскар Акаев “Садыр Жапаров ушул шартта мурдагы мамлекет башчыларынын баарын бир дасторконго чогултуп, тарыхта теңдешсиз кадам жасаганын айтты.

Социалдык тармактарда бул жолугушуу кызуу талкууга алынган.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты