Россия менен стратегиялык өнөктөштүктүн келечеги талкууланды

Президент Садыр Жапаров 11-ноябрда Россияга иш сапарынын алкагында Россиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.

Мамлекет башчылары соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө, энергетика, өнөр жай жана финансы секторлорундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле билим берүү тармагындагы байланыштарды чыңдоого өзгөчө көңүл буруу менен, кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн мындан ары тереңдетүүнүн келечегин талкуулады.

10-11-ноябрда Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин Москва шаарында жыйыны болду.

Жамааттык коопсуздук кеңешинин жыйынында Садыр Жапаров ‘л аралык терроризм, экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы аракеттенүү маселелерине өзгөчө көңүл бурду.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча мамлекет башчылары тарабынан ЖККУнун алкагында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана жамааттык коопсуздукту чыңдоого багытталган 18 документке кол коюлду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты