“Эгер ошондой жолугушуу болсо, анда аларды кылмышты жашыруу беренеси менен айыптоого болот”. Соцтармактагы реакция

Социалдык тармакта президент Садыр Жапаровдун кечээги, 18-февралдагы, мурдагы президенттер менен жолугушуусуна кандай реакция жасаганына саресеп салалы.

Юрист Канат Хасанов Фейсбук баракчасы аркылуу мурдагы жана азыркы президененттердин жолугушуусу тууралуу мындай пикирин билдирди.

Канат Хасанов: “Эгер ошондой жолугушуу болсо, анда аларды кылмышты жашыруу беренеси менен айыптоого болот”

-Эгер чындыгында эле ошондой жолугушуу болсо, анда президентти коштоп барган биздин делегация курамын кылмышты, өзгөчө оор кылмышты, жаап-жашыргандыгы беренеси боюнча айыптоого болот.

Эсимде калганы боюнча, Биринчи май райондук сотунун, Бишкек шаардык сотунун жана Жогорку соттун чечими менен Курманбек Салиевич Бакиев өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн айыпталган.   

Мамлекеттер аралык мамилелердин эл аралык протоколу боюнча, менин эсимде калганы боюнча, президент эл аралык чыгууларда Мамлекеттин атынан барат, ал эми анын барган жери Мамлекет болуп эсептелет, ал эми коштоп барган делегация — анын кызматкерлери. Эгер ошол  учурда издөөгө алынган кылмышкер көрүнсө, анда аны коштоп баргандар Интерполдун жергиликтүү бөлүмү менен байланышып, эл аралык издөөдөгү кишини кармоого жардам берүүгө милдеттүү. Логика боюнча алганда да ушундай болушу керек эле.  

Бул жолугушууга мен каршы эмесмин, бирок президенттин басма сөз кызматына таң калып жатам, муну президиденттин эрдиги катары көрсөтүп, жоопкерчиликти унутуп жатышат.

Урматтуу президенттин айлана-тегерегиндегилер, силер ажону уят кылып, президенттин саясий чечими тууралуу айтпай, анын жеке керт башы тууралуу айтып жатасыңар. Силер дагы бир жолу президентти жана УКМКнын төрагасын уят кылып жатасыңар, ал эми президентти УКМКнын 9-кызматы коштоп барат, -деди юрист Канат Хасанов Фейсбук баракчасы аркылуу.  

Ал эми башка Фейсбук колдонуучулар да ал жолугушуу тууралуу пикирлерин билдиришүүдө.

  

   

Кечээ, 18-февралда, Президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди. Садыр Жапаров элге кайрылуусунда мурдагы президенттердин жолугушуусунда сөз болгон маселе тууралуу айтып келип, “Энеңди өлтүргөнгө атаңды алып бер”, “Султан сөөгүн кордобойт” деген лакаптарды мисал келтирип, кечиримдүү болушубуз керек экенин жана  “Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы” деп билдирди,

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга бардык мурдагы президенттер катышканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан. “Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты» деп билдирген.

Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү”деп жазды ал.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган. Ал бийликке «Жоогазын» революциясынан кийин келип, 2010-жылдын 7-апрелинде 87 адамдын өмүрү кыйылган элдик толкундоодон кийин үй-бүлөсү менен Беларуска качып кеткен.

Кыргызстанда Бакиев менен анын жакындары бир нече кылмыш иши боюнча айыпталып, сыртынан соттолушкан. Өзүлөрү айыптоолорду четке кагып келишет.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты