«Атаңды өлтүргөнгө энеңди алып бер!” Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен эмне тууралуу сүйлөштү?

Бүгүн, 18-февралда, президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди.

Садыр Жапаров элге кайрылуусунда мурдагы президенттердин жолугушуусунда сөз болгон маселе тууралуу айтып келип, “Энеңди өлтүргөнгө атаңды алып бер”, “Султан сөөгүн кордобойт” деген лакаптарды мисал келтирип, кечиримдүү болушубуз керек экенин жана  “Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы” деп билдирди,

-Азыр бизде түндүк-түштүк болуп, жети дубан өз-өзүнчө бөлүнүп, ар кимиси өз көмөчүнө күл тарта бергени аз келгенсип, улам бир президенттин жактоочулары болуп, калдайган кыргыз калкы жетиге бөлүнүп турган учур, тилекке каршы.

Бирок, баарыбыз үчүн ыйык Кыргызстандын түбөлүктүү келечегин ойлой турган болсок, биз «Акаевчи», «Бакиевчи», «Атамбаевчи» «Отунбаевачы» «Жээнбековчу» «доконцачы» жана башка «чылар» дегенди жоюп, баарынын башын бириктирүү менен (лидерлерди бириктирмейин тарапташтар бирикпейт) жамы кыргыз журтунун эртеңки келечегин ойлогонубуз туура!

Боюбузга сиңип бараткан мындай арсыз сапаттарды ары калчап, бери калчап олтуруп, ошол башында эл шайлаган, аягы кейиштүү бүткөн президенттердин башын бириктерсем, балким бир муштумга түйүлгөн ынтымактуу журт болот белек деген ой көптөн бери көкүрөгүмдү эзип келет эле. Акыры тубү элибиздин «султан сөөгүн кордобойт» деген таасын кеби бар эмеспи!

Көөдөнгө тынчтык бербеген асыл ойду акыры ишке ашырууга бел байлап, соңку тарыхыбызда журт башына келген президенттердин башын бириктирип, бир ортого чогулттум. Кыргыз наркын жасап, алдыларына аш тарттым. Уй муйуз тарта олтура улут келечеги үчүн мурдагы журт башчылары өткөндөрүн сууга салышып, бир муштумга биригүү демилгемди колдоп беришти.

Албетте, биринин артынан бири келген мурдагы өлкө башчылары ачуу кептерди айтышты. Көкүрөгүндө жүргөн таарынычтарын төгүштү. Кетирген кемчиликтерин моюндарына алышты.

Эң башкысы, алар бири-бирин кечире билишти. Менин да көздөгөн максатым ушул эле. Ой-кыялым — ошол ар бир президенттин аркасында турган тарапташтары, жалпы жети дубан калкыбыз, бир багытка баш коюп, саясатты таштап, бир дем менен улуттун өнүгүүсү, экономикасы деп ой жүгүртүү эле.

Ооба, жалпы элибиздин көзү менен караганда, алардын ар биринин жүргүзгөн саясатында алешемдиктер кетип, арты кайгылуу окуялар менен коштолуп, кан төгүүлөр да болуп кетти. Акаев учурундагы Аксы окуясы, Бакиевдин учурундагы Апрель окуясы, Убактылуу Өкмөт учурундагы Июнь каргашасы, Жээнбеков учурундагы Октябрь окуясы, андагы Үмүт аттуу жайнап турган жапжаш жигиттин каза болгондугу, тилекке каршы, кыргыз тарыхында кара тамгалар менен жазылып калды. Ошентип, канчалаган кырчындай болгон кыргыз жаштарынан — уулдарыбыздан айрылдык. Алардын жакындары менен туугандарынын нааразычылыктарын сезип турам.

Урматтуу мекендештер, кадырлуу калайык-журт!

Ата-бабалар наркына да карасак, «атанды олтургонго эненди алып бер» дейт. Мусулманчылык жосунуна да карасак, кечире билүү жана кечиримдүү болуу улуу салт экенин көрөбүз. Кечиримдүү бололу, сабыр күтүп, алга сапарыбызды улайлы. Эгемендигибизди, көз карандысыздыгыбызды бекемдейли, өнүгүүгө бардык мүмкүнчүлүгү болгон Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы. Ар бир кыргызстандык бириккиле! «Бир жакадан баш, бир женден кол чыгарып», алдыга карай бет алалы! 5-10 жылдык жеке кызыкчылыктарыбызды ойлобостон, кыргызстандын туболук кызыкчылыгын ойлонолу.

Мага чейинки журт башчыларынын ар бирине карата эч кандай жеке кызыкчылыгым да, жеке кусаматым да жок, милдеттүү дагы эмесмин!

Муну да баса белгилеп айтып коюум керек, -деди Садыр Жапаров кайрылууда.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев мамлекет башчы Садыр Жапаров менен жолугушууга бардык мурдагы президенттер катышканын Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты. “Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү” деген басма сөз катчы.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты