Аскар Акаев: «Жапаров мурдагы президенттерди бир дасторконго чогултуп, теңдешсиз кадам жасады»

  • 1 год мурун

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев 17-февралда Садыр Жапаровдун мурдагы президенттер менен Дубайда болгон жолугушуусу тууралуу пикирин билдирди.  Акаев катынын башына Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынан “Кылым карытар бир күн” деген эпиграф кылган.   

Kaktus.media Аскар Акаевдин катын толук жарыялады.

Аскар Акаев Садыр Жапаров эки жылда өлкөдө көп жетишкендиктерге ээ болгонун белгиледи.

“Садыр Жапаров жана анын командасы шайлангандан кийин эки жыл ичинде мамлекеттик жана коомдук иштерде, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында сезилерлик жетишкендиктерге жетишти. Эң ириде алар мамлекеттүүлүктүн негизин чыңдап, натыйжалуу мамлекеттик башкарууну калыбына келтирди. Андан улам жакшы жетишкендиктер болду” деди Аскар Акаев.

Ал эми Садыр Жапаровдун мурдагы президенттерди чогултуп, жыйын курганы тууралуу буларды айтты:

“Садыр Жапаров ушул шартта мурдагы мамлекет башчыларынын баарын бир дасторконго чогултуп, тарыхта теңдешсиз кадам жасады. Бул, чынында, тарыхый окуя, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөзү менен алганда, “Кылымга тете бир күн” болду.

Ошол жолугушуунун катышуучусу катары айтаарым, бул элдин кызыкчылыгында жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн чыңдоо үчүн жасалды.

«Бул кадамга барып, Садыр Жапаров саясий акылмандыгын жана адамгерчилигин көрсөттү. Албетте, мамлекеттүүлүктү чыңдоо жана элдин биримдигин камсыздоо өлкөнүн президентинин Конституциялык түздөн-түз милдети.  Бул милдетти ал иш жүзүндө толук аткарып жаткандыгы кубандырат. Мен бул демилгени колдоп, кесиптештеримди Кыргызстандын келечеги, туруктуулугу үчүн биримдикке келүүгө чакырдым” деди Аскар Акаев.  

18-февралда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди.

Садыр Жапаров элге кайрылуусунда мурдагы президенттердин жолугушуусунда сөз болгон маселе тууралуу айтып келип, “Энеңди өлтүргөнгө атаңды алып бер”, “Султан сөөгүн кордобойт” деген лакаптарды мисал келтирип, кечиримдүү болушубуз керек экенин жана  “Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы” деп билдирди,

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да пикирин билдирип, өлкөдө тынчтыкты жана биримдикти орнотуу жана Бакиевдерден кайтып келиши эки башка маселе экенин баса көрсөттү:

-Өлкөбүздө тынчтыкты жана биримдикти сактоо жана Бакиевдердин кайтып келиши бул эки башка маселе. Экөөнү бириктирүү эки башка жыйынтыкка алып келиши ыктымал. Аябай көп кан төгүлдү, андагы көп нерселер унутта калбашы керек. Албетте, күнөөлүүүлөр жооп бериши керек. Адегенде курман болгондордун жакындары кечириши керек.  Садыр Жапаров менин айтканымды укту жана туура чечим кабыл алат деп ишенем., -деди Атамбаев.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты