Атамбаев: Мени Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев жолугушууга чакырды деп чакырышкан

  • 1 год мурун

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жолугушууга аны эркин адамдар катары, эски таарынычтарды унутуу үчүн сүйлөшөбүз деп чакырышканын, жолугушууда Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев гана болорун айтканын, ал эми мурдагы президенттер болорун айткан эместигин билдирди.

-Ооба, экс-президенттердин жолугушуусу өттү. Мен дагы ал жолугушууда болуп калдым.  Болуп калдым деп айтканымдын себеби, жолугушууда экс-президенттер болору тууралуу мага айтышкан эмес. Мага Садыр Жапаров жана Камчыбек Ташиев менен жолугушуу болот  деп айтышкан. Ал жерде биз тең ата, эркин адамдар катары эски таарынычтарды унутуп, сүйлөшөбүз дешкен. Мен жакшылык эмне экенин билем жана андан баш тарта албадым, ал тургай Испаниянын элчиси менен мурда белгиленген жолугушуумду жылдыргам, -деди Алмазбек Атамбаев.

Андан ары мурдагы президент Атамбаев өлкөдө тынчтыкты жана биримдикти орнотуу жана Бакиевдерден кайтып келиши эки башка маселе экенин баса көрсөттү:

-Мен дагы тынчтык жана биримдикти жактайм. Жапаровдун ак ниет иштерин да жактайм. Бирок жолугушуунун аягында мен англичандардай коштошпой чыгып кетүүгө мажбур болдум.  Эгер дагы айтуу керек болсо, андагы сөз болгондордун майда-чүйдөсүнө чейин айтып берем.

Өлкөбүздө тынчтыкты жана биримдикти сактоо жана Бакиевдердин кайтып келиши бул эки башка маселе. Экөөнү бириктирүү эки башка жыйынтыкка алып келиши ыктымал. Аябай көп кан төгүлдү, андагы көп нерселер унутта калбашы керек. Албетте, күнөөлүүүлөр жооп бериши керек. Адегенде курман болгондордун жакындары кечириши керек.  Садыр Жапаров менин айтканымды укту жана туура чечим кабыл алат деп ишенем., -деди Атамбаев.   

18-февралда президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, анда Кыргызстандын буга чейинки бардык президенттеринин башын кошкон жолугушуу өткөргөнүн, ал нейтралдуу тарапта болгондугун, анда сөз болгондор тууралуу билдирди.

Садыр Жапаров элге кайрылуусунда мурдагы президенттердин жолугушуусунда сөз болгон маселе тууралуу айтып келип, “Энеңди өлтүргөнгө атаңды алып бер”, “Султан сөөгүн кордобойт” деген лакаптарды мисал келтирип, кечиримдүү болушубуз керек экенин жана  “Кыргызстаныбызды өнүктүрөлү десек, өткөн-кеткен, кектерди, нааразы кептерди, таарыныч-кусаматтардын баарын сууга салалы” деп айткан.   

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты