Президент Жапаровдун Пакистанга мамлекеттик сапары аяктады

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаровдун 3-4-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапары аяктады. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.

Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчы Исламабад шаарындагы Аэрокосмостук илим жана технологиялар боюнча улуттук парктагы (NASTP) аскердик көргөзмө менен таанышты.

NASTP авиация, космос, IT жана киберкоопсуздук тармактарында изилдөөлөрдү, долбоорлоону жана инновацияларды өнүктүрүү үчүн мамлекеттик структураларды, илимий мекемелерди жана өнөр жайды бириктирген заманбап платформа болуп саналат.

Садыр Жапаров сапардын экинчи күнүндө Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатында биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Андан соң экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында кол коюлган документтерди алмашуу аземи болду.

Ошол эле күнү Садыр Жапаров менен Шахбаз Шариф Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы инвестициялык диалогго катышты.

Мамлекет башчысынын сапарынын алкагында Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөр өткөрүлдү.

Соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү, транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү маселелери талкууланды.

Жапаровдун Пакистанга мамлекеттик сапарын аяктап, 4-декабрда Бишкек шаарына кайтты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты