Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Пакистанга барды

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров 3-декабрда Пакистанга мамлекеттик сапар менен барды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында маалымдалды.

Жапаровду “Нур Хан” авиабазасынан Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, Пакистандын Президенти Асиф Али Зардари, ошондой эле башка расмий адамдар тосуп алды.

Мурда айтылгандай, сапардын алкагында Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (Парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (Парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле Кыргыз-Пакистан мамилелерин мындан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашат.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты