Кыргызстан жана Пакистандын ортосунда бир катар документтерге кол коюлду

  • 1 месяц мурун

Садыр Жапаровдун Пакистанга мамлекеттик сапарынын алкагында бүгүн, 4-декабрда, экономика, деңиз портторун пайдалануу, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, туризм, энергетика, юстиция жана укуктук маселелер тармактарында кызматташтыкты кеңейтүү жаатында кол коюлган документтер менен алмашуу аземи болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров жана Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф эки өлкөнүн кызыкчылыгында ар тараптуу кызматташтыкты чыңдоо боюнча Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.

Ошондой эле бир катар документтерге кол коюлду:

Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы соттолгон адамдарды өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуу;

Министрлер кабинети менен Пакистан өкмөтүнүн ортосундагы маданият жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

Туризм чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү меморандуму;

Айыл чарба жаатындагы кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Кыргыз Республикасы менен Пакистандын ортосундагы эки тараптуу сооданы кеңейтүү боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;

Экономика жана коммерция министрлиги менен Пакистандын деңиз иштери министрлигинин ортосундагы регионалдык байланыштар үчүн Пакистандын портторун колдонуу тармагында өз ара кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

Ошондой эле энергетика, юстиция , экономика, саламаттык сактоо, жаштар саясаты, бажы кызматы жаатында жана башка тармактарда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду.

Сүрөт: president.kg 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты