Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен жолугушту
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 4-декабрда, Исламабад шаарындагы премьер-министрдин кеңсесинде президент Садыр Жапаровдун Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.
Президент Садыр Жапаровду Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф тосуп алды.
Өз ара саламдашуудан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери аскердик оркестрдин коштоосунда жаңырды.
Ардактуу кароол командири саламдашуу рапортун берди. Расмий салтанаттан кийин мамлекет башчысы жана Пакистандын премьер-министри биргелешип бак отургузууга катышып, андан соң сүйлөшүүлөр үчүн залга бет алышты.
Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф менен чакан жана кеңейтилген форматта сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тараптар саясий, соода-экономикалык жана транспорттук-логистикалык тармактарда эки жактуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле энергетика, инфраструктура жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү жаатындагы биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.
Пакистандын өкмөт башчысы биргелешкен демилгелерди натыйжалуу ишке ашырган шартта мамлекеттердин жакынкы жылдарда өз ара сооданын көлөмүн 200 миллион долларга чейин көбөйтүү мүмкүнчүлүгү бар экенин ырастады.
Президент Садыр Жапаров ошондой эле болуп өткөн сүйлөшүүлөр жемиштүү болоруна жана эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн мындан аркы өнүгүшүнө зор түрткү берерине үмүт артты.
Эки өлкөнүн Карачи жана Гвадар сыяктуу Пакистандын деңиз портторун пайдалануу багытында кызматташууну кеңейтүүгө болгон умтулуусу белгиленди. Бул Кыргызстанга дүйнөлүк рынокторго чыгуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Мындан тышкары, тараптар Борбордук жана Түштүк Азиянын энергетикалык коопсуздугун чыңдоодо жана инфраструктуралык интеграциясында стратегиялык мааниге ээ болгон CASA-1000 аймактык энергетикалык долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту.
Сүрөт: president.kg




