Президент Жапаров Rothschild & Co компаниясынын өкүлдөрүн кабыл алды

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда, Бишкек шаарында Rothschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малярд де Ротшильд баштаган өкүлдөрүн кабыл алды.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат жарыяланды.

Анда белгиленгендей, экономикалык жана финансылык тармактарда кызматташууну өнүктүрүү, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Президент Rothschild & Co дүйнө жүзү боюнча туруктуулук, ишенимдүүлүк жана дүйнөлүк каржы рыногунун тарыхындагы терең кесипкөй экспертиза менен байланыштуу кабыл алынарын баса көрсөттү. Ошондуктан, анын бул тажрыйбаны Кыргызстан менен бөлүшүүгө даярдыгы өнөктөштүк мамилелерге өзгөчө маани берерин белгиледи.

Rothschild & Co өкүлдөрү Кыргызстан менен кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирип, компания дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү, анын ичинде Борбор Азия менен иштешерин жана инвестициялык консалтинг жана каржылык долбоорлорду коштоо жаатында бай тажрыйбага ээ экенин баса белгилешти.

Алар инфраструктуралык жана энергетикалык демилгелерди ишке ашырууда, ошондой эле каржылык инструменттерди өнүктүрүүдө жана инвестицияларды тартууда даяр экендиктерин белгилешти. 

Орусиялык блогер Анастасия Ахметова буларды айткан:

«Орусиялык политолог, Евразиялык аналитикалык клубдун башчысы Никита Митковичтин инсайдердик маалыматы боюнча, Ысык-Көлдөгү уран кенин иштетүү укугун Ротшильддердин француздук кланы эңсеп жатат Ал клан Улуу Британия ТИМи жана чалгынынын колдоосуна ээ. Ушундай кызматташтык үчүн Кыргызстандын өкмөтү уранды жаратылышы коргоого алынчу жерде да уруксат берүүнү пландап жатат. Ротшильддер ошондой эле Кара-Балта тоо-кен комбинатын иштетүүгө да көз артып турат. Сүйлөшүүлөрдү (ал кездеги премьер-министр) Акылбек Жапаров жүргүзүп жаткандыгын эксперт белгилейт, бирок негизги лобби кылган адам Улуу Британиядагы мурдагы элчи Эдил Байсалов болуп эсептелет».

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран темасы боюнча чет элдик блогер Анастасия Ахметованын айткандарына мындайча жооп берген.

-Өзүн Орто Азия боюнча  эксперт санаган Анастасия Ахметова аттуу жаран сыртта отуруп алып кыргызстандыктарга акыл үйрөтүп, чындыкка дал келбеген маалыматтар менен элди козутуп, ортого чагым салуу аракетин көрүүдө. Бул блогер айым Кыргызстанда уранды иштетүүгө британиялык белгилүү Ротшильддердин  үй-бүлөсү аралашууда, анын натыйжасында кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздү жок кылып алабыз деген сыяктуу жалган маалыматты токуп чыгыптыр,-деди президент.    

Президент Садыр Жапаров уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзамына кол койду. 

Жаңы мыйзамдын кабыл алынышы менен Кыргызстандын аймагында уран, торий кендери чыккан жерлерди издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан иштерге тыюу салуу жөнүндө мыйзам күчүн жоготту деп табылды.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп,  Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан.  Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Бир катар укук коргоочулар, окумуштуулар жана экологдор уран казууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, төрт ай мурда кайрылуу жасаган.

Мындан беш жыл мурда Ысык-Көлдүн Көк-Мойнок айыл аймагындагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө активисттер каршы чыгып, кен казуу иши токтотулган. Кызыл-Омпол уран кенин иштеткен «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын имараттары, техникалары атайын мөөр менен бекитилген.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты