Садыр Жапаров Тоң жана Кочкор районунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жергиликтүү тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууга Балыкчы шаарынын, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун активисттери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Жолугушуу жүрүшүндө мамлекет башчы иш-чарага келгендерге өлкөдөгү акыркы социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр, алдыда аткарыла турган келечектүү инвестицилык долбоорлор туурасында айтып берди. Анын ичинде аталган аймакка чектеш орун алган “Кызыл Омпол” кен жайын иштетүү планы боюнча да талкуу жүрдү. Тургундарга тийиштүү маалымат берилип, алардын суроолоруна эксперттер жана мамлекет башчы жооп берди.  Ошондой эле,  жыйындын катышуучулары мамлекеттин жарандарды турак-жай менен камсыздоо программасы, коррупция менен күрөшүү, коомдук транспорт менен камсыздоо, жөлөк пул жана дарыгерлер менен мугалимдердин эмгек маянасын көтөрүү, инфраструктуралык объектилерди куруу өңдүү социалдык маселелерди көтөрүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты