Президент Жапаров чет элдик блогердин уран кенин иштетүү боюнча айткандарына жооп берди (Видео)

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран темасы боюнча чет элдик блогер Анастасия Ахметованын айткандарына жооп берди.

-Өзүн Орто Азия боюнча  эксперт санаган Анастасия Ахметова аттуу жаран сыртта отуруп алып кыргызстандыктарга акыл үйрөтүп, чындыкка дал келбеген маалыматтар менен элди козутуп, ортого чагым салуу аракетин көрүүдө. Бул блогер айым Кыргызстанда уранды иштетүүгө британиялык белгилүү Ротшильддердин  үй-бүлөсү аралашууда, анын натыйжасында кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздү жок кылып алабыз деген сыяктуу жалган маалыматты токуп чыгыптыр,-деди президент.       

Анастасия Ахметова буларды айткан:

-Орусиялык политолог, Евразиялык аналитикалык клубдун башчысы Никита Митковичтин инсайдердик маалыматы боюнча, Ысык-Көлдөгү уран кенин иштетүү укугун Ротшильддердин француздук кланы эңсеп жатат Ал клан Улуу Британия ТИМи жана чалгынынын колдоосуна ээ. Ушундай кызматташтык үчүн Кыргызстандын өкмөтү уранды жаратылышы коргоого алынчу жерде да уруксат берүүнү пландап жатат. Ротшильддер ошондой эле Кара-Балта тоо-кен комбинатын иштетүүгө да көз артып турат. Сүйлөшүүлөрдү премьер-министр Акылбек Жапаров жүргүзүп жаткандыгын эксперт белгилейт, бирок негизги лобби кылган адам Улуу Британиядагы мурдагы элчи Эдил Байсалов болуп эсептелет.

Ротшильддер долбоор үчүн холдингдин накталай акчасы пайда болмоюнча, активди кармап турууну, Орусия менен Кытайга бербөөнү өтүнөт.   Эң негизгиси долбоор ишке ашчу жерге Британиянын жалпы укугун киргизүүнү талап кылууда. Премьер-министр мунун баарына уруксат берүүдө, Премьер-министрдин өзүнүн бул долбоордо финансылык кызыкчылыгы барбы, белгисиз. Бирок өлкө эч кандай акча, кепилдик алган жок,-деди Анастасия Ахмедова.

Президент буларды кошумчалады:

-Сөз болгон жерде урандын үлүшү — 0,17 гана пайыз. Ал жерде негизги кен–титаномагнетит, титаномагнетитти алып кетсек, уран да тазаланып калат. Тескерисинче курамы аз болсо да өмүр бою урандан тазаланып алабыз. Ысык-Көлгө сиз күйбөй эле коюңуз, Анастасия айым, Ысык-Көлгө кыргыздар, биз өзүбүз күйөбүз, өзүбүз сактап алабыз. Талапка ылайык, ал жерде рекультивация иштери жүрөт, кендин өзүндө дагы, өлкөбүздүн аймагында дагы эч кандай уранды байытуу иштери жүргүзүлбөйт,-деди президент.         

Президент Садыр Жапаров блогерге берген жообунда Ысык-Көлдөгү уран кенин чындыгында эле Ротшильддер иштетеби, бул долбоорго премьер-министр Акылбек Жапаров уруксат берип жатабы, ал компанияны Эдил Байсалов колдоп жатабы, бул суроолорду тастыктаган жок же төгүндөгөн жок.  

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берүү сунушталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке түштү.

Министрлер кабинети сунуштаган долбоордо 2019-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзамды жокко чыгаруу сунушталат. Мындан сырткары «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү камтыйт.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп,  Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан.  Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

2019-жылдын жазында «Кыргызстандагы ЮрАзия» деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү, анын ичинде Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылы сентябрда өлкөдө уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ал парламентке жеткен эмес.

Ал эми «Кабар» агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров буларды белгилеген:

— Биринчиден уран кени деп айтуудан алыс болушубуз керек. Бул кенди саясий айдыңда популисттик кылгандар уран кени деп атап алышкан. Муну мен бир жылдан бери дыкат иликтеп чыккан адам катары айта алам.

Бул кенди титаномагнетит кени деп аташыбыз керек. Анткени, руданын 95 пайызын титаномагнетит түзөт.
— титаномагнетит — (95 %);
— фосфор — (3 %);
— цирконий — (2 %);
— торий- (0,22 %);
— уран — (0,17 %) бар.

Мына өзүңүздөр көрүп тургандай дээрлик көпчүлүгү — титаномагнетит. Ал эми фосфор, цирконий, торий, анан барып 0,17 пайызы уран экенин көрүп турасыңар,-деп айткан президент Жапаров.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык булактардагы маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Мындан сырткары анда торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттар бар экени да аныкталган.

Сүрөт: Уран кенин иштетүүгө каршы митинг 2019-жыл, апрель CABAR. asia

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты