Кыргызстан-Казакстан: Кызматташуу маселелери талкууланды
- 23 часа мурун
- Жаңылыктар
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен өлкөгө расмий сапар менен келген Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун чакан курамдагы эки тараптуу жолугушуусу болду.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев эки мамлекеттин лидерлеринин саясий эркинин аркасында эки тараптуу мамлекеттер аралык кызматташтык туруктуу өнүгүп, жаңы дем алганын белгиледи. Туруктуу саясий диалог жүргүзүлүп, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык байланыштар кеңейүүдө. Мамлекет башчылары тарабынан саясий, соода-экономикалык, транзиттик-транспорттук жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүү боюнча коюлган максаттарды ишке ашырууга багытталган ырааттуу аракеттер көрүлүүдө.
Адылбек Касымалиев ошондой эле кыргыз-казак аймактар аралык экинчи форумунун жана кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын өзгөчө маанисин белгиледи.
Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов өз кезегинде меймандостукта жылуу кабыл алуу болгондугу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин кошумчалады.
Сүрөт: gov.kg




