Уран казууга жол ачкан мыйзам долбоору:  Ага каршы укук коргоочулар, окумуштуулар кайрылуу жасады     

  • 2 месяца мурун

Бир катар укук коргоочулар, окумуштуулар жана экологдор уран казууга уруксат берген мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, кайрылуу жасады.

Кайрылууда мындай деп айтылат:  
«Биз мамлекеттик милдеттүү экспертизадан тышкары көз карандысыз экологиялык экспертиза да жүргүзүлүүсүн талап кылабыз. Эмдигиче уран, торий кендерин иштетүү боюнча жүргүзүлгөн техникалык-экономикалык негиздемелердин жана башка иликтөөлөрдүн жыйынтыгы жок. Кыргызстанда кен иштетүүнүн айлана-чөйрөгө таасирин баалоо үчүн экологиялык экспертиза жүргүзүү тууралуу мыйзам жана жоболор бар. Ачыктык жок, «Кен байлыктар тууралуу» мыйзам талап кылгандай, көз карандысыз экспертиза, тийиштүү окумуштуулар жана эксперттердин, жергиликтүү элдин катышуусунда эч кандай коомдук талкуу жүргөн жок. Ар бир жаран өлкөбүздүн гүлдөп өнүккөнүн көрүүнү, ата-бабалардан калгандай таза боюнча балдарыбызга өткөрүп берүүнү кыялданабыз. Бирок мыйзамдардын сакталбаганынан улам биз мөңгүлөрүбүздү жана суубузду, кооз тоолорубузду, бай жаратылышка ээ экосистемабызды биротоло жоготуп алуу тобокелчилигинде турабыз. Суу ресурстарынын жана жайыттардын, кыртыштын булганышы – айлана-чөйрөнү гана эмес, андагы адамзаттын өмүрүн уулайт” деп жазылган кайрылууда.

29-майда, Жогорку Кеңеште уран жана торий кендерин казып алууга тыюу салуу мыйзамын жокко чыгаруу мыйзам долбоору биринчи окууда жактырылды.

Добуш берүүдө уран, торийге тыюу салууну жокко чыгарган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен биринчи окууда жактырылды. Мыйзам долбооруна 69 депутат макул болуп, үч депутат каршы чыкты. Каршы чыккандар: Сеид Атамбаев, Дастан Бекешев, Исхак Масалиев.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп,  Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан.  Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран темасы боюнча чет элдик блогер Анастасия Ахметованын айткандарына жооп берген.

-Өзүн Орто Азия боюнча  эксперт санаган Анастасия Ахметова аттуу жаран сыртта отуруп алып кыргызстандыктарга акыл үйрөтүп, чындыкка дал келбеген маалыматтар менен элди козутуп, ортого чагым салуу аракетин көрүүдө. Бул блогер айым Кыргызстанда уранды иштетүүгө британиялык белгилүү Ротшильддердин  үй-бүлөсү аралашууда, анын натыйжасында кыргыз бермети болгон Ысык-Көлүбүздү жок кылып алабыз деген сыяктуу жалган маалыматты токуп чыгыптыр,-деди президент.       

2019-жылдын жазында «Кыргызстандагы ЮрАзия» деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү, анын ичинде Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылы сентябрда өлкөдө уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ал парламентке жеткен эмес.

Ал эми «Кабар» агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров буларды белгилеген:

— Биринчиден уран кени деп айтуудан алыс болушубуз керек. Бул кенди саясий айдыңда популисттик кылгандар уран кени деп атап алышкан. Муну мен бир жылдан бери дыкат иликтеп чыккан адам катары айта алам. Бул кенди титаномагнетит кени деп аташыбыз керек. Анткени, руданын 95 пайызын титаномагнетит түзөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан



Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты