Президент Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушту
- 9 часов мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Базар-Коргон районунун тургундары менен жолугушту.
Бул тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Жолугушуунун катышуучулары жол жана коммуналдык инфраструктураны өнүктүрүү, турак жай менен камсыз кылуу, жер жана мүлк талаштарын чечүү, ишкерлерди колдоо жана жеңилдетилген насыя маселелерин көтөрүштү.
Өзгөчө көңүл калктуу конуштардагы жолдордун абалына, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, калкты суу менен камсыз кылууга жана жарандардын жашоо сапатына түздөн-түз таасир эткен башка маселелерге бурулду.
Сүрөт: president.kg
Муну бөлүшүү




